Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:01

АКШда Гүлнара Каримованын мода көрсөтмөсү болбой калды


Нью-Йорктун таанымал Мода жумалыгынын уюштуруучулары Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримова ойлоп тапкан кийимдердин пландалган көрсөтмөсү болбой калганын бышыкташты. Билдирүүдө алар буга “ар түрдүү тынчсыздануулар” түрткү болду деп жазышты.

Каримова Мода жумалыгынын чегинде 12-сентябрда 2012-жылдын жаз-жай айларына карата “Гули” деп аталган коллекциясын көрсөтмөк. Көрсөтүүнүн болбой калышына байланыштуу укук коргоочу “Хюман Райтс Уотч” уюму “Каримовдукундай репрессивдүү өкмөттүн өкүлүнө мындай мүмкүнчүлүк берилбегендигин” туура чечим деп мүнөздөдү.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG