Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:42

Ооганстанда НАТО турагына кол салуу болду


Кол салуудан эки киши өлүп, 90го чукулу жараат алганы кабарланды. Ооганстандын борборундагы Вардак дубанындагы Сает Абад аскер турагына кол салуу ишембиде орун алып, 89 жарадардын 50сү америкалык аскерлер экендиги аныкталды. АКШ армиясынын маалымат катчысы майор Давид Истбурн кол салган кишинин бомбасынан аскер турагына кире бериштеги дубалда алты метрлик тешик пайда болгондугун билдирди. Ушул эле күнү Ооганстандын дагы эки аймагындагы бомба жардыруусунан 10 карапайым тургундун каны төгүлдү.

XS
SM
MD
LG