Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:11

Ливиянын убактылуу кеңешинин жетекчиси Триполиге келди


Баш калаанын аба майданына кечээ келип түшкөндөн кийин Мустафа Абдел Жалил Каддафинин режими менен күрөш аягына чыга элек экендигин эскертти:

- Биз дале эркиндик ала элекпиз. Каддафинин колунда акча, алтын бар. Каддафинин күнү бүтө элек экендигин түшүнүшүбүз зарыл. Биз азыр каддафичилердин колунда кала берип жаткан Бани Валид, Сабха, Сирте шаарларын бошотууга күчүбүздү багытташыбыз керек.

Абдел Жалилдин күчтөрү кулаткан Каддафинин кайда экени белгисиз. Ал келгенге чейин анти-Каддафи кыймылынын жетекчилеринин көбү өлкөнүн чыгышындагы Бенгази шаарында болуп жатышкан эле.

Триполиден 150 чакырым түштүк-чыгыштагы Бани Валид шаарында кечээ согуш аракеттери болгондугу кабарланды.

Такталбаган маалымат боюнча, НАТОнун учактары бул шаардагы каддафичил күчтөрдү бомбалады. Каддафинин кичи мекени болгон Сирте шаарынын сыртында да салгылаш болуп жаткандыгы айтылууда.

XS
SM
MD
LG