Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:41

Батыровдун соту бүгүн да болбой калды


Ош жана Жалал-Абад областтарындагы былтыркы июнь окуяларын уюштурган деп шектелип жаткан Кадыржан Батыровго каршы кылмыш иши боюнча сот бүгүн да болбой калды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиев маалымдады. Анын айтымында, соттолуп жаткандардын адвокаттары келбей койгондуктан сот отуруму 16-сентябрга жылдырылды.

Жалал-Абаддагы Өзбек улуттук-маданий борбордун мурдагы жетекчиси, экс-депутат Кадыржан Батыров азыр издөөдө. Тергөө анын былтыркы июнь окуяларына түздөн-түз тиешеси бар деген аныктамасын чыгарып, ишти сотко жөнөткөн. Бирок бардык тараптын өкүлдөрү толук катышпай жаткандыктан, апрель айынан бери бир дагы сот отуруму боло элек.

Былтыр июнь айында кыргыздар менен өзбектердин ортосунда болгон улут аралык араздашуунун айынан 400дөн ашык адам каза болгон. Кадыржан Батыров интернет маалымат булактарына берген интервьюларында өзүнүн күнөөсү жок экендигин айтып келет.(RK)

XS
SM
MD
LG