Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:40

Каддафиге жан тарткан күчтөр мунай заводуна кол салышты


Алар Рас-Лануф шаарындагы мунай иштетүүчү заводго кол салышкан. Кабарларга караганда, уруш учурунда кеминде 15 кишинин өмүрү кыйылды. Бирок алар Каддафинин жактоочулары же каршылаштары экени так белгисиз. Күбөлөрдүн айтымында, заводду ээлөө аракети учурунда ага олуттуу зыян тийген эмес.

Бул аралыкта Улуттук өткөөл кеңештин күчтөрү Бани-Валид шаарын курчоону улантууда. Бул шаар Каддафиге жан тарткан күчтөрдүн акыркы таянычы катары эсептелүүдө. Ал эми Муаммар Каддафинин кайда экени али белгисиз. Ливияга коңшу Нигер өлкөсүнүн бийликтеринин билдиргенине караганда, ушул айдын башынан бери алардын аймагына Каддафи кланынын 32 мүчөсү өтүп барган, алардын арасында Каддафинин уулу Саади да бар.

XS
SM
MD
LG