Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:13

Нарында мугалимдер кезексиз аттестацияга нааразы


Ушул тапта Нарын мамлекеттик университетинде Нарын шаары, району жана Ат-Башы районунун мектептериндеги 11-класстын окуучуларына сабак берген мугалимдерди аттестациялоо өтүп жатат. Алардын кесиптик билим деңгээлин текшерүү үчүн компьютердик тест ыкмасы пайдалангандыктан көбү, өзгөчө улуу муундагы мугалимдер өтпөй калууда. Мугалимдер "мындай сынак капысынан эмес, алдын ала даярдык менен өткөрүлсө болмок" деп нааразы болушууда.

Аттестация боюнча жобого ылайык, мындай текшерүү 5 жылда бир гана өткөрүлүп турушу керек, андыктан бул аттестация мыйзамсыз деген маанидеги кайрылуу жазылып, ал өкмөт жетекчилигине жөнөтүлгөнүн "Азаттыктын" кабарчысына мугалимдер маалымдашты. (RK/ErB)

XS
SM
MD
LG