Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:21

Азия чемпиону Митал Шариповдун абалы оор


Оор атлетика боюнча Азиянын эки жолку чемпиону, кыргызстандык белгилүү спортчу Митал Шариповдун абалы кескин начарлады деп билдирди "Азаттыкка" анын жубайы Асел Убыкеева.

Бир нече ай мурда ал эки жолу: ашказанынан жана тромбоз деген диагнозго байланыштуу операцияланган.

Июль айында "Азаттыкка" курган маегинде Митал Шарипов: "бирок ашказандын жанында шишик бар экен. Буттарым шишип, басалбай турам", - деген болчу.

Эмгек сиңирген спорт чебери, 39 жаштагы Митал Шарипов Азиянын эки жолку чемпиону. Дүйнөлүк Намдью кубогунун эки жолку жеңүүчүсү.1994-жылы Хиросимадагы 12-Азия оюндарында коло медаль, Азия чемпионатында күмүш медаль уткан. Жети жолу жылдын мыкты спортчусу аталган. Кийинки учурда оор атлетика боюнча Кыргызстандын жаштар командасынын башкы машыктыруучу болуп иштеп жүргөн.(KMa/RK)

XS
SM
MD
LG