Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:48

Ливияда “байистүү исламга” негизделген мамлекет курулат


Ливиянын Утурумдук Улуттук кеңешинин төрагасы жаңы жетекчилик өлкөдө “байистүү исламга” таянган мамлекет курат деп убада кылды. Мустафа Абдил Жалил мындай убаданы дүйшөмбү күнү кечинде Триполинин борбордук аянтында 10 миңдей колдоочулардын алдында жасады. “Биз байистүү исламды тутунган мусулман өлкөбүз. Биз ушу дөөлөттү сактайбыз, силер биз менен боло бересиңер жана бизди колдойсуңар. Силер ыңкылапты уурдайбыз деп, оң же сол жактан аракет жасагандарга каршы биздин куралыбызсыңар”,-деди Жалил.

Бул Утурумдук Улуттук кеңештин жетекчилиги Триполиге көчүп келгенден бери Жалилдин биринчи жолу эл алдында сүйлөөсү. Ал жаңы бийлик эч кандай экстремисттик идеологияга ынана албасын да айтты.

Эл аралык мунапыс уюму жаңы жарыяланган докладда бийликтен кулатылган Муаммар Каддафинин режимин согуш кылмыштарын жасады, балким адамзатка каршы да кылмыш жасаган болушу этимал экени белгиленет. Ошол эле маалда Жалил башындагы Утурумдук кеңештин жоокерлери да согуш кылмыштарын жасаган болушу ыктымал деп көрсөтүлөт докладда.

XS
SM
MD
LG