Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:11

Кабулда талиптердин чабуулунан 1 киши окко учту, 16 киши жарадар


Ооганстандагы НАТО башындагы эл аралык күчтөр талиптердин Кабылдагы чабуулунун мизин кайтаруу үчүн аскер жибергенин билдирди. Талиптердин желдеттери, ошондой эле жанкечтилер бүгүн Кабылга чабуул баштаганы кабарланган.

Козголоңчулардын “чакан тобу” НАТО баштаган эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн кеңсесинин жанында жана АКШ элчилигине чабуул жасашканын маалымдады. Бул билдирүүдө Ооганстандын жана НАТОнун аскерлери чабуулга тез жооп бергени белгиленет.

Саламаттыкты сактоо кызматтары талиптердин чабуулунан бир адам өлүп, 16 киши жарадар болгонун кабарлашты.

АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтон чабуулду чыккынчылык деп атап, Кошмо Штаттар ооган бийликтери менен кол салгандардын жазасын берүү үчүн чогуу иштешерин билдирди.

XS
SM
MD
LG