Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:54

7-апрель сотунда Ак үй кызматкерлери көрсөтмө берүүдө


Кечээки соттук териштирүүдө мурдагы президент Курманбек Бакиевдин кабылдамасында иштеген Исмаил Жороев күбө катары көрсөтмө берип, 2010-жылы 7-апрелде өлкөгө чукул кырдаал киргизүү тууралуу президенттин жардыгы салынган папканы ошол туштагы президенттик администрация башчысы, апрель окуясы боюнча соттолуп жаткан Каныбек Жороев алып чыкканын билдирди. Ошол эле жараянда президенттик аппараттын канцелярия башчысы Турар Сулайманов да күбө катары көрсөтмө берди. Бүгүнкү соттук жараянда күбөлөрдүн көрсөтмө берүүсү уланат. Жабырлануучулардын адвокаты Осунбек Жамансариевдин "Азаттыкка" билдиргени боюнча, бүгүн мамлекеттик күзөт кызматынын сотто күбө өтүп жаткан кызматкерлери көрсөтмө берүүнү улантышат.

Буга чейин мурдагы мамлекеттик күзөт кызматынын 110 кызматкери күбө катары көрсөтмө беришкен. 7-апрель окуясы боюнча мурдагы президент баштаган 28 кишиге тынч митингге чыккан элге ок аткан, ок атууга буйрук берген деген айып тагылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG