Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:17

Грек-рим күрөшү боюнча чемпионатта Кыргызстан алдыга чыга албай жатат


Бул күндөрү Стамбулда өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионатта кыргызстандык спортчу Руслан Түмөнбев да байгелүү орунга ээ боло алган жок. "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы Кабыл Макештин билдиришинче, 2008-жылдагы Бээжин оюндарында коло медалга татыган Түмөнбев болгариялык оюнчуга 1:2 эсеби менен уттуруп койду. Буга чейин Стамбулдагы мелдешке катышкан Канатбек Бегалиев, Арсен Эралиев жана Азамат Эркинбаев да атаандаштарына уттуруп коюшкан болчу. Бүгүн Данияр Көбөнөв мелдешке чыгат. Чемпионатка 104 өлкөдөн келген 900 спортчу катышууда. (RK/KMa)

XS
SM
MD
LG