Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:11

"Сотторду тазалоо” кыймылы кезектеги акцияга чыгат


Кыймылдын Бишкектеги кеңсесинен “Азаттыкка” билдиришкендей, акция Жогорку Кеңеш имаратынын алдында уюштурулат. Анда парламентти таркатуу, президенттин кызматын мөөнөтүнөн мурда өткөрүп берүү талаптары уланмакчы.

Иш-чаранын уюштуруучулары Кыргызстандагы сот системасына таза, ак иштеген адамдар келишине аталган бийлик бутактары атайылап бут тосуп жатат деп эсептешет.

“Сотторду тазалоо” кыймылы парламенттин таратылышын жана мамлекет башчынын кызматтан мөөнөтүнөн мурда кетүүсүн 1-сентябрдан бери талап кылып келе жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG