Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:51

Жабыркагандар үй менен толук жабдыла элек


Июнь коогалаңында каза болгон, дайынсыз жоголгон, үйү өрттөлгөн, тонолгондордун үй-бүлөлөрү үй менен толук камсыз боло элек. Вице-премьер-министр Ибрагим Жунусовдун бүгүн парламентте берген маалыматы боюнча Ош шаарында 187, Жалал-Абадда 60 үй-бүлө батирлүү болушту, жараат алгандарга үй азырынча бериле элек.

Расмий маалыматтар боюнча былтыр июнь айында Ошто жана Жалал-Абадда чыккан улут аралык жаңжалда 2 425 адам жабырланган. Алардын арасынан каза болгондорун саны: Ош облусу боюнча 371, Жалал-Абад облусунда 76 адам. (RK)

XS
SM
MD
LG