Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:37

Жаш шайлоочулардын саясий сабаттуулугу жогорулайт


Алгачкы жолу шайлоого катыша турган кыргызстандык жаштардын саясий сабаттуулугун жогорулатуу боюнча атайын долбоор ишке ашырыла баштаганын "Азаттыкка" аталган долбоордун координатору Айгүл Жээнбаева маалымдады.

Анын айтымында, бүгүн Бишкекте өтүп жаткан тегерек үстөлгө 70ке жакын активдүү улан-кыз катышууда. Аларга демократиянын шартында шайлоо процессин ишке ашыруу боюнча кеңири маалымат берилет.

Бириккен Улуттар уюмунун өнүгүү программасы жана "Кебел" деп аталган коомдук уюмдун демилгеси менен уюштурулган тегерек үстөл 15-сентябрь - Демократиянын эл аралык күнүнө арналууда. Бул күндү белгилөө тууралуу чечим 2007-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясында кабыл алынган.

Президенттик шайлоо Кыргызстанда 30-октябрда болот. Ага катышууга ниеттенгендердин саны азыр отуздун тегерегинде. (RK)

XS
SM
MD
LG