Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:47

Леон Панеттанын сөзү Пакистанга жаккан жок


Ырасмий Исламабад Кошмо Штаттардын Пакистанды байырлаган согушчандар боюнча эскертүүсү терроризмге каршы кызматташуунун мазмунуна ылайык келбейт деп эсептейт. Бул жөнүндө Пакистандын тышкы иштер министринин өкүлү Техмина Жануя билдирди.

АКШ жетекчилиги, анын ичинде коргоо министри Леон Панетта шейшемби күнү Кабылдагы АКШ элчиканасына жана НАТОнун башкеңсесине жасалган чабуул үчүн Хаккани уюмунун согушчандарын айыптаган. Хаккани группасы Пакистанда жайгашып, “ал-Кайида” жана талиптер менен байланышта иштегени маалым.

Кабылда 14-сентябрда 20 сааттай чогулган салгылашта 6 киши өлгөн.
Пентагондо 10-сентябрда Ооганстандын Вардак провинциясындагы НАТОнун базасын бомбалоону Хаккани уюштурду деп шектенүүдө. Чабуулда 4 жаран набыт болуп, америкалык 77 аскер жараат алган.

XS
SM
MD
LG