Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:18

Эшимкановду жерге берүү боюнча комиссия түзүлөт


Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында белгилүү коомдук ишмер Мелис Эшимкановду акыркы сапарга узатуу боюнча иш-чараларды уюуштуруучу мамлекеттик комиссия түзүү тууралуу токтом кабыл алынды. Уюштуруу комиссиясын төрага Ахматбек Келдибеков жетектеши керек деген сунуш айтылды.

Белгилүү журналист, медиа-менеджер, коомдук ишмер Мелис Эшимканов 15-сентябрда Бишкектеги жеке клиникалардын биринде жүрөгү кармап күтүүсүз каза болгон. Анын сөөгү 18-сентябрда жерге берилет. Эшимканов 48 жашта болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG