Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:21

Ала-Букада жаңы аскердик шаарча курулуп жатат


Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука айылынын чет жакасында ачылган жаңы аскердик бөлүктүн аскердик шаарчасы курулуп жатат.

Коргоо министрлигинен "Азаттыкка" маалымдашкандай, бул шаарчада бардык заманбап шарттар түзүлүп, окуу класстары, жатакана, медициналык пункт, ок атуучу жай жана кызмат имараттары курулат. Жалпы аянты 9 гектар болгон шаарчаны курууга Коргоо министрлигинин атайын эсебинен 160 миллион сом каралган.

400 чакырымдык чек ара тилкесинин коопсуздугун камсыз кылуу максатында республиканын түштүгүндө өзүнчө батальонду негиздөө тууралуу чечим ушул жылдын башында Коргонуу кеңешинде кабыл алынган болчу.

Кыргызстан түштүк тарабынан Өзбекстан менен 1 378 чакырым жана Тажикстан менен 971 чакырым аралыкта чектешет. Бул аралык азырынча толугу бойдон аныкталып, тактала элек. (RK)

XS
SM
MD
LG