Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

Талапкерлердин тил сынагы уланууда


Бүгүн президенттикке талапкерлигин койгон төрт адам: Анарбек Калматов, Мурат Иманкулов, Төрөбай Колубаев, Өмүрбек Эгембердиев мамлекеттик тил сынагынан өтүшүүдө. Сынак Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин кыргыз тил кафедрасынын башчысы Турусбек Маразыковдун жетекчилигинде өтүүдө.

Сынак эрежеси боюнча талапкерлер үч тапшырма аткарышат: жарым саат ичи шайлоо программасын кыргыз тилинде жазып, андан соң ал тууралуу оозеки айтып беришет. Соңунда талапкерлер көркөм окуу боюнча тескөөдөн өтүшөт.

Буга чейин 15 талапкер мамлекеттик тилди билүү боюнча сынактан өтүп, төртөө кыргыз тилин тийиштүү деңгээлде билбейт деген негиз менен маарадан четтетилген.

Тил сынагы 24-сентябрга дейре шаршемби, бейшемби, ишемби жана жекшемби күндөрү өткөрүлүп, күндүзгү саат 10дон кечки саат 5ке чейин созулуп турат. Ар күнү бештен талапкерди комиссия сынактан өткөрүп, анын жүрүшү Коомдук канал аркылуу көрсөтүлүп турмакчы. Сынак 7-сентябрда башталган. (ЕК)

XS
SM
MD
LG