Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:48

Жамааттык коопсуздук күчтөрүнүн аскердик машыгуулары өтөт


19-22-сентябрь күндөрү Кыргызстанда Борбор Азия Жамааттык коопсуздук күчтөрүнүн аскердик машыгуулары өтөт. Бул тууралуу бүгүн Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Машыгуулар негизинен курал-жарактарды мыйзамсыз сатууга каршы багытталган.

Кыргызстанда былтыр апрель-июнь окуяларында бир топ курал-жарак элдин колуна өтүп кеткен болчу. Аларды өз эрки менен өткөрүп берүү өтүнүчү күткөн натыйжа алып келбегенин чекисттер өздөрү моюнга алышкан.

Айрым серепчилер катылуу курал-жарактар, аларды сатуу менен алектенген топтордун чыгышы айрыкча президенттик шайлоо маалында опурталдуу жагдайларды түзүшү ыктымал экенин эскертүүдө.

Аскердик машыгуулардын ачылыш салтанатына коргоо министринин биринчи орун басары, полковник Таалайбек Өмүралиев жетекчилик кылат. Машыгууларга Казакстан, Тажикстан, Орусиянын куралдуу күчтөрүнөн ыкчам топтору тартылат. (ЕК)

XS
SM
MD
LG