Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Кыргыз балбандары Дүйнө чемпионатында мөөрөй талашууда


Бүгүн да Стамбулда өтүп жаткан дүйнө чемпионатында эркин күрөш боюнча таймашуулар уланууда. Ага Кыргызстандан алты балбан катышууда. Алардын бири Алтынбек Алыбаев жеңил салмакта таймашуудан четтеп калды.

Эми кыргызстандык спортчулардын үмүтүн жандырган Азия чемпиону Базар Базаркуриев баштаган беш жигит килем үстүндө күч сынашууда. Буга чейинки беттешүүлөрдө грек-рим күрөшүнөн жети кыргыз балбаны жеңилип калган. Ошондой эле бул чемпионатта өлкө намысын коргогон төрт балбан кыз да ийгилик жарата албады.

Эркин күрөш боюнча Стамбулда өтүп жаткан дүйнө чемпионатына 104 өлкөдөн 900 балбан катышууда. Биринчи орундан алтынчы орунга чыккандарга кийинки жылы Лондондо өтчү Олимпиада оюндарына жолдомолор ыйгарылат. (ЕК)

XS
SM
MD
LG