Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:49

БУУ Ливияга киргизилген санкцияларын жеңилдетет


БУУнун Коопсуздук кеңеши Ливияны калыбына келтирүү иштерине жардам иретинде Муаммар Каддафинин режимине каршы киргизилген санкцияларды жеңилдетүү сунушун колдоду. Атап айтканда, өлкөнүн улуттук мунай компаниясы жана борбордук банкынын ишине киргизилген чектөө алынып салат.

Санкциялар жөнүндөгү чечим мындан жарым жылдай мурун Каддафи өкмөтү демократиячыл демонстрацияларды күч менен басып жаткан кезде кабыл алынган. Кеңеш ошондой эле Ливияга БУУнун миссиясын жиберүүнү чечти. Буга чейин БУУнун Башкы ассамблеясы Ливиянын Улуттук өткөөл өкмөтүнө уюмда өлкөнүн атынан сүйлөө мандатын берген.

XS
SM
MD
LG