Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:59

БШК президенттикке талапкер Атамбаевге эскертүү берди


Боршайком ушул күндөрү жергиликтүү телеканалдар, электрондук жана басма сөз аркылуу кетип аткан жаңылыктар мазмунуна сереп салып, алардын айрымдары президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаевдин пайдасына кыйыр үгүт жүрүп жатканын аныктады. БШК президенттикке өз талапкерлигин жылдыргандан кийин медиа мейкиндикте өкмөт башчы Атамбаевдин активдүүлүгү жогорулап кеткендигин белгилейт. БШК 31-августтагы "Дело №..." гезитиндеги «Я мечтаю о справедливом Кыргызстане» жана 30-августтагы "Фабула» басылмасындагы "Кыргызстандын биримдигин сактап калуу керек" макалаларында “Атамбаевге карата үгүт бар” деген бүтүмгө келди.

Мындан тышкары БШК талапкер Атамбаев өкмөт башчы кызматында отургандыктан андан кызмат абалынан кыянат пайдаланбоого чакырды.

Кыргызстанда үгүт 25-сентябрда башталып, 29-октябрда жыйынтыкталат. Учурда президенттикке талапкерлер саны – 31. Президенттик шайлоо 30-октябрга белгиленген. (ЕК)

XS
SM
MD
LG