Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:41

Мамлекеттик тил сынагынан бир талапкер өтпөй калды


Президенттикке талапкерлер Алмамбет Матубраимов, Кубанычбек Исабеков, Шамшыбек Медетбеков жана Роман Оморов мамлекеттик тил сынагынан ийгиликтүү өтүштү. БШК бирок бүгүнкү сынакка катышкан дагы бир талапкер Арслан Малиевге “мамлекеттик тилди билбейт” деген бүтүм чыгарды.

Буга чейин 19 талапкер мамлекеттик тилди билүү боюнча сынактан өтүп,
төртөө кыргыз тилин тийиштүү деңгээлде билбейт деген негиз менен
маарадан четтетилген.

Тил сынагы 24-сентябрга дейре шаршемби, бейшемби, ишемби жана жекшемби күндөрү өткөрүлүп, күндүзгү саат 10дон кечки саат 5ке чейин созулуп турат. Сынак 7-сентябрда башталган. (ЕК)

XS
SM
MD
LG