Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:51

Латвияда партиялар орусиялык партияга каршы коалициялык сүйлөшүү баштады


Орусиячыл партия буга чейин болуп көрбөгөн ийгиликке жетишкенден кийин Латвиянын борборчул партиялары коалицияга биригүүнү талкуулап жатышат. Латвиянын көп сандуу орус тилдүү жарандары колдогон борборчул-солчул "Гармония" борбору парламенттик шайлоодо добуштардын дээрлик 30 пайызын утуп алды. Ошол эле убакта Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путин менен байланышы бар жана латвиялык саясатчылардын көбү шектенүү менен караган "Гармония" башка бир партия менен биригип, өкмөт курай алаары белгисиз. Латвия 1991-жылы өз алдынчалык алгандан бери өлкөдө этникалык орустар колдогон бир да партия өкмөттө болгон эмес. Этникалык орустар Латвиянын 2.2 миллион калкынын үчтөн-бирин түзөт.

XS
SM
MD
LG