Бүгүнтөн тарта Бишкектин түштүк жагындагы бардык кичи райондорунда газ убактылуу өчүрүлдү. "Кыргызгаз" бирикмесинин басма сөз катчысы Жайнагүл Максимованын "Азаттыкка" маалымдашынча, 3-октябрга чейин газ түтүктөрүндө кышка карата оңдоп-түздөө иштери жүрөт.
Бул өчүрүү мурдатан пландалган. Оңдоо иштери аяктаган райондордо газ кезеги менен кайрадан бериле баштай. Каралаев, Толстой жана Байтик Баатыр атындагы көчөлөрдүн ортосунда жайгашкан үйлөрдө да газ болбойт.
Адистердин айтымында, мындай иштер жоготууларды азайтууга жардам берет. Былтыр ушул мезгилде жоготуулардын көлөмү 20 пайыз болсо, быйыл 7 пайызга түштү. Бишкек үчүн көгүлтүр отун Өзбекстандан алынып келинет. (RK)