Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:18

Хижаб салынгандарды министр кабыл алууда


Мектепте окуган кыздарга хижаб жоолук салынууга уруксат берүүнү талап кылган митинг Бишкекте, билим жана илим министрлигинин алдында өтүп жатат. "Азаттыктын" кабарчысы маалымдашынча, учурда алардын өкүлдөрү менен министр Канат Садыков сүйлөшүү жүргүзүп жатат.

"Акыл эс, ыйман" фондунун жетекчиси Дүйшөн Абдылдаевдин айтымында, мектепке хижаб салынып барган кыздарды мугалимдер сабакка киргизбей, алардын билим алуусуна тоскоолдук кылып жатышат. Өзгөчө мындай көрүнүш республиканын түштүк аймагындагы областтарда күч.

Эгерде министрлик уруксат бербесе, бүгүнкүдөй митинг жума күнү республикалык масштабда уланат.

Билим берүү жана илим министрлиги хижабга тыюу жок экенин, бирок, бирдиктүү мектеп формасы деген талап сакталышы керек экенин айтууда. (AI/RK)

XS
SM
MD
LG