Президенттикке талапкерлерди каттоо эртең башталышы мүмкүн. Бул тууралуу "Азаттыкка" Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жеңиш Акматов билдирди.
Талапкер болгондугу тууралуу күбөлүк расмий тапшырылып бүткөндөн кийин гана үгүт иштери башталат. Талапкер болууну каалагандардын саны алгач 80ден ашып, азыр 30 адам.
100 миң сомдук күрөө коюп, 30 миңден кем эмес кол топтоп, кыргыз тил сынагынан өтө алгандар гана талапкер боло алышат. Каттоо 24-сентябрдын аягына чейин жүрөт. Үгүт кампаниясы 25-сентябрда башталат. Шайлоо 30-октябрда болот. (RK)