Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:30

Бурундиде 3 күндүк аза күтүү жарыяланды


Жекшемби күнү борбордук Африканынын Бужумбур шаарында куралдуу топ жергиликтүү кафе-барга кол салуудан 36 киши набыт болуп 20га чукул жаракат алды. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, ондогон кишиден турган куралдуу топ жекшемби күнү көпчүлүк эс алган барга кол салып, ок чыгарып, граната ташташкан.

Күбөлөрдүн айтымында, өкмөттүк күчтөргө каршы аракеттенген жергиликтүү козголоңчулардын лидери Агатона Руасынын тарапкерлери кол салууну уюштурган.

Бул окуяга байланыштуу Бурундинин президенти Пьер Нкурунзиза өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыялады.

XS
SM
MD
LG