Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:31

Садыркуловдун өлүмү боюнча Курманбек Бакиевге айып тагылат


Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев “Азаттыкка” берген маегинде билдирди.

- Бул иш боюнча тийиштүү маалыматтар чогулду, азырынча тактоо иштери жүрүүдө. Мурдагы президенттин мамлекет башчысы катары Садыркуловдун өлүмүнө канчалык тиешеси бардыгы такталууда. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, ошол учурда Курманбек Бакиевдин уруксаты жок мындай иштер жасалбайт болчу. Азыр ал боюнча шектүү катары маалыматтарды топтоп жатабыз.

2009-жылдын 13-мартында Медет Садыркулов, Сергей Слепченко жана айдоочу Кубат Сулаймановдун денелери өрттөнгөн унаанын ичинде Бишкектин чет жакасынан табылган.

ИИМдин соңку маалыматы боюнча бул кылмышка шектүү катары 20дан ашуун киши кармалган. JA/AA
XS
SM
MD
LG