Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:25

Барскоон менен Тамгада сел жүрдү


Катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Барскоон айылынан 96 турак үйдүн, Тамга айылынан 57 турак үйдүн там аркаларын сел каптаган. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Абдишарип Бекилов маалымдады. Анын айтымында, 15-сентябрда болгон селдин кесепетинен Барскоон айылынан 8 турак үй, Тамга айылынан 8 турак үй авариялык абалда. Алар мамлекеттик пайызы жок ссудага зарыл. Азыркы учурда жергиликтүү тургундар тазалоо иштерин жүргүзүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG