Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:41

Үмөталиева: БШК мага атайылап бут тосуп жатат


Президенттикке аттанган укук коргоочу айым Токтайым Үмөталиева БШКны ага бут тосуп жатат деп күнөөлөөдө. Буга призидент Отунбаеванын жана башка өлкө жетекчилеринин да катышуусу бар эсептейт.

Өзүнүн эсеби боюнча ал 35 миң 175 кол топтоп, БШКга бардык тиешелүү документтерин тапшырган. Бирок, БШК анын дээрлик жарымын жараксыз деп таап, учурда Үмөталиеванын талапкер болуп катталуусу арсар болууда. "Азаттыкка" берген интервьюсунда ал:

"Мени атайылап шайлоого катыштырбоо аракети жасалып жатканын ошол эле БШКдагы Данияр аттуу юрист жигит айтып жатат", - деди.

Токтайым Үмөталиева 100 миң сомдук күрөөнү тапшырган. Ага БШК мамлекеттик тил сынагына катышуу укугун да берип, 22-сентябрда тапшыра тургандардын тизмесине киргизген. Мыйзам боюнча, тил сынагына 30 миңден кем эмес кол топтой алгандар гана катыша алат.

Бул боюнча БШКдан азырынча комментарий боло элек. (RK)

XS
SM
MD
LG