Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:52

Кызыл Ай коомунун кеңсесин басып алышты


Улуттук Кызыл Ай коомунун Бишкектеги баш кеңсесин белгисиз адамдар басып алганын "Интербилим" борборунан "Азаттыкка" маалымдашты. Аталган коомдун кызматкери Жыпара Мырзаналиеванын айтымында, 16-сентябрда 40ка жакын адам кеңсеге коркутуп кирип келген, жетекчилик күч менен алмаштырылган. Азыркыга чейин алар эч кимди киргизбей жатышат. Милиция тараптан эч чара боло элек. Айрым мүлк жоголо баштаганы да айтылууда.

Ал эми аталган коомдо демилгечи болуп иштеген Аида Айтпаеванын айтымында, ошол күнү баш катчынын милдетин аткаруучу болуп Кубанычбек Дүйшеев дайындалган. Ал мурдагы жетекчиликке карата ачылган кылмыш ишинин калыс иликтенишине көмөктөшүү максатын көздөөрүн айтат. Айтпаева кеңседеги мүлк жоголуп, кызматкерлер кире албай жатканы тууралуу маалымат чындакка дал келбесин айтууда.

Соңку жарым жылдан бери Улуттук Кызыл Ай коомунун мурдагы жетекчиси Ревза Шаяхметованы донордук жардамдарды өз кызыкчылыгына пайдаланды деген күнөөлөр айтылып келет. Ага карата кылмыш иши козголгон. (RK)

XS
SM
MD
LG