Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:04

Аялдар лидерликке үйрөнүүдө


17-21-сентябрда “Жарандар коррупцияга каршы ” укук коргоо борборунун директору Толекан Исмаилова жана “Лидерликти тандайбыз” долбоорунун координатору Гүлбарчын Жумабаева Вашингтондо эл аралык “Аялдар өнүгүү жана тынчтык үчүн” коалициясы тарабынан уюштурулган эл аралык семинарга катышууда.

“Азаттыкка” маалым болгондой, ар кыл маданий, коомдук-саясий түзүлүштөгү өлкөлөрдө аялдар, кыздар жана жаштар үчүн жаңы демократиялуу лидерликтин принциптерин иштеп чыгуу, тажрыйба алмашуу маселелери талкууланып жатат.

Семинардын алкагында “Жарандар коррупцияга каршы” борбору тарабынан коомдук телеканал менен биргеликте уюштурулуп жаткан “Лидерликти тандайбыз” теле, радио программалары тууралуу видео материал сунушталды.(RK)

XS
SM
MD
LG