Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:54

БУУ: Палестина боюнча карама-каршылыкты басаңдатуу аракетти көрүлүүдө


АКШнын мамкатчысы Хиллари Клинтондун билдиргенине караганда, америкалык дипломаттар бул маселе боюнча кызыкдар тараптардын баары менен ургалдуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө:

-Биз дипломатияны абдан ургалдуу жүргүзүп, эки тарапка гана эмес (Израиль жана Палестина) БУУнун Башкы ассамблеясына келген адамдардын баарына кол созуудабыз. Биз сүйлөшүү эки мамлекеттин эриш –аркак өмүр сүрүшүнө жетишүүнүн жалгыз жолу экендигине мурдагыдай эле ишенебиз жана буга басып жасап жатабыз. Биз муну колдойбуз жана жемишин көргүбүз келет.

Маалыматтарга караганда, палестин лидери Махмуд Аббас ушул жума күнү БУУга Палестинаны мүчөлүккө кабыл алуу боюнча расмий арыз бергени жатат. Израил буга каршы чыкса, анын өнөктөшү АКШ Палестинанын арызы Коопсуздук кеңешине чыгарылганда вето саларын эскерткен.

Израилдин премьер-министри Биньяминь Нетаньяху эки ортодогу тикелей тынчтык сүйлөшүүлөрүн жандандыруу үчүн палестин жетекчилиги менен БУУнун Башкы ассамблеясында жолугууга даярдыгын билдирди.

АКШ колдогон тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн палестиндер бир жылча мурун чыгып кеткен. Анын алдында Израил Иордандын Батыш жээгинде жөөт конуштарын курууга киргизилген мораторийдин мөөнөтүн узартуудан баш тарткан.

XS
SM
MD
LG