Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:21

Эстония Орусиядан сүзүп келген өзбекти артка жөнөттү


"Азаттыктын" өзбек жана казак кызматтары билдиргендей, Өзбекстандын жараны, Эстониядан качкын макамын сураган Рахим Собировду полиция мыйзамсыз келди деп кайра Орусияга жиберди. Эстон полициясы берген маалыматка ылайык, Собиров эки өлкөнүн ортосундагы туурасы 300 метр келген Нарва өзөнүн сүзүп келген. Собировдун жанында документтери болгон эмес. Ал былтыр өзбекстандык 30 жаран менен катар Казакстанда камакка алынган. Аларга Өзбекстандын бийликтери диний экстремизм боюнча айып койгон. 30 жаштагы Собировдун аялы Молдир Молдаканованын "Азаттыкка" билдиришинче, калган 29 өзбек мекенине күч менен кайтарылгандан кийин күйөөсү Орусияга качкан.

XS
SM
MD
LG