Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:58

Ооганстанда америкалык аскерлер осол чабуулдарга туш болушу мүмкүн


АКШнын штаб башчысы, адмирал Майк Маллен Ооганстандын мурдагы президенти Бурханнудин Раббани кол салуудан Кабулда көз жумгандан кийин Вашингтондо чыгып сүйлөдү. Раббани Кабулга Ооганстандын Жогорку Тынчтык кеңешинин жетекчиси катары талиптер менен сүйлөшүүгө келген эле. Мунун алдында Маллен Раббанинин өлүмү талиптер менен бир жылдан берки сүйлөшүүгө кандай кесеп тийгизээрин айтуу кыйын экендигин белгилеп, буларды кошумчалады:

Жогорку Тынчтык кеңештин жаңы төрагасы тез арада ишке кириши керек экени анык, себеби ал бүтүндөй тынчтык жараянындагы маанилүү рол ойнойт.

Ооган президенти Хамид Карзай Раббанинин өлүмү аны согушту сүйлөшүү жолу менен токтотуу ниетинен баш тарттыра албай тургандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG