Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:11

Төө буурчак боюнча кыргыз-түрк бизнес форум өтөт


Талас облусунда 7-октябрда төө буурчак боюнча кыргыз-түрк ишкерлеринин бизнес форуму өтөт. Бул тууралуу айыл чарба министри Төрөгул Беков 20-сентябрда вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен жолугушууда билдирди. Министр ЮСАИДдин колдоосу менен ар бир облуста бирден үрөн жана асыл тукум мал чарбачылыгын түзүү иштери башталганын, буга 14 миллион доллар жумшаларын билдирди. Жапон өкмөтүнүн жардамы аркылуу 2012-жылдан баштап үрөндү жакшыртуу долбоору ишке киргизилет. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. (EBM)

XS
SM
MD
LG