Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:58

Ош, Жалал-Абад, Баткен жаштары тынчтык күнүн белгилешет


Бүгүн, 21-сентябр эл аралык Тынчтык күнүнө карата Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында өспүрүмдөр жана жаштардын бир катар иш-чаралары өтөт. ЮНИСЕФтин өкүлү Ольга Гребенникованын билдиришинче, театрлаштырылган оюн-зооктор уюштурулат. Тынчтыкка, ынтымакка чакырган сүрөт, дил баян сынактарынын жеңүүчүлөрү сыйланат. ЮНИСЕФтин “Хэлп Эйж” уюму менен биргеликте “Менин коомум – мени үйүм” аттуу иликтөөсүнүн бет ачаары болот. Жалал-Абадда көп улуттуу мектептердеги абал тууралуу талкуу өтөт. Оштун аялуу катмарынан чыккан 50дөй бала лагерге чогулуп, бир жума бою жаңжалдардын алдын алуу, аймактагы жаштар арасында ынтымакты чыңдоо боюнча окутуудан өтүшмөкчү. (EBM)

XS
SM
MD
LG