Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:31

Абдирасулова: Мени "сындырыш" үчүн балама асылышууда


Укук коргоочу Азиза Абдирасулова 19 жаштагы уулу Марселдин милиция тарабынан кармалышын өзүнүн ишмердүүлүгүнө түздөн-түз байланыштыраарын "Азаттыкка" билдирди.

"Буга чейин мени канча ирээт куугунтукташты, коркутушту. "Сындыра" албай калганынан эми уулума асылып жатышат", - деди укук коргоочу. Бирок, алар кимдер экенин ачыктаган жок.

Марсел Абдирасуловду кечээ Бишкектин Свердлов райондук милициясына алып кетишип, бүгүн саат 9:30га келүүсүн талап кылышкан. Абдирасулованын айтымында, аны 2-августта ээнбаштык кылып, бирөөгө тапанча такагансың деп айыпташкан. Бирок, 2-августта Абдирасуловдордун үй-бүлөсү небересинин 13 жашка чыгышын белгилеп, баары үйдө болгон. Ушул жылдын башында да Марселди белгисиз бирөөлөр катуу сабап кетишкен.

Ички иштер министрлигинен бул боюнча маалымат жакын арада даяр болоорун "Азаттыкка" билдиришти. (RK)

XS
SM
MD
LG