Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:11

Пианист Сыдыков Нью-Йоркто сыйлык алды


Кыргызстандык жаш пианист Азамат Сыдыков Нью-Йорктун Стэнвей Холлунда өткөн Franz Liszt: Life in Music фестивалына ийгиликтүү катышканын "K-News" агенттигине айтып берди. Ага Натали Рисбек атындагы премия тапшырылды. Пианист венгриялык композитор Ференц Листтин "Испан рапсодиясын" мыкты ойноп берди.

Азамат Сыдыков Москвадагы Чайковский атындагы мамлекеттик консерваториянын бүтүрүүчүсү. Учурда ал Нью-Йорктогу Mannes College of Music музыкалык коллежинин аспиранты. (RK)

 

XS
SM
MD
LG