Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:52

Райымбердиев тил кат менен койо берилди


Президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу кармалган милициянын генералы Расулберди Райымбердиевди сыртка чыкпоо тууралуу тил кат алып коё беришти. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан маалымдашты. Бишкектен ушундай кабар баргандан кийин Райымбердиевдин бошотулушун талап кылган Ош мэриясынын алдындагы митинг да тарап кеткени кабарланууда.

Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин орун басары болуп келген Райымбердиев соңку мезгилде Оштогу улуттар аралык ынтымакты бекемдөө боюнча коомдук кеңешти жетектеп турган. Ички иштер министрлиги аны 20-сентябрда Оштон кармап, Бишкекке алып келген. (KJ/RK)

XS
SM
MD
LG