Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:14

ИИБ: Абдирасулованын уулун кармоодо мыйзам бузулган жок


Ушул жылдын 1-августунда "Учкун" кичи районунда мылтык такап, акчамды алып коюшту деп Абылаев деген жаран кайрылганы боюнча Марсель Абдирасулов көрсөтмө берип жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Памир Асанов билдирди. Абылаев аны сабагандардын арасында Марсель Абдирасулов бар болчу деп так көрсөтүп жатат дейт Асанов.
Бул факттан улам "каракчылык" деген берене боюнча кылмыш иши козголгон. Асановдун айтымында, Абдирасуловго карата эч кандай мыйзам бузуу болгон жок.

19 жаштагы Марсель белгилүү кыргызстандык укук коргоочу Азиза Абдирасулованын кичүү уулу. "Азаттыкка" маегинде Абдирасулова бул ишти өзүнүн укук коргоочулук ишмердүүлүгү менен байланыштырып, балам аркылуу мени "сындырууга" кызыкдар күчтөр бар деп айткан болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG