Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:00

"Ата-Мекен": "Матрешка-гейт" кайра каралсын


2006-жылдагы "матрешка-гейт" ишин кайра карап чыгып, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаровду жоопко тартыш керек. Мындай талап бүгүн парламентте "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында айтылды.

2006-жылы кыргыз парламентинин өкүлү катары иш сапар менен Польшага барган депутат Өмүрбек Текебаевдин багажынан баңги зат табылды деп бир нече саат Варшава аэропортунда кармалган. Атайын экспертиза матрешканын ичине салынган ак порошок баңги зат эмес экени аныктаган.

Ө.Текебаевдин багажына матрешканы атайылап салды деп мурдагы президенттин иниси Жаныш Бакиевден шек санашкан, анын бул ишке тиешеси жок деген бүтүмдү Мадумаров жетектеген комиссия чыгарган. (RK)

XS
SM
MD
LG