Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:32

Пан Ги Мун Башкы ассамблеяны ачкан сөзүндө Кыргызстанды атады


Башкы ассамблеянын жыйыны бир аз мурда Нью-Йоркто ачылды. Баш катчы Пан Ги Мун өз сөзүндө Кыргызстанды башка эки өлкөнүн катарында атады:

- Быйыл БУУнун тынчтыкты сактоо боюнча бюджети 8 миллиард доллар. Эгер биз жаңжалдар тутанганга чейин аракеттенип, маселен аскерлерди эмес, саясий ортомчулардын миссияларын жайгаштырсак муну үнөмдөйбүз. Биз муну кантип жасашты билебиз. Биздин кызматтык тизмебиз муну Гвинея, Кения, Кыргызстанда далилдөөдө.

Башкы ассамблеяга президент Роза Отунбаева да катышууда. Ал Нью-Йорктон “Акипресс” агенттигине берген интерьвюсунда белгилегендей, Кыргызстан үчүн бул жыйындагы башкы максат – БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө жетишүү.

Отунбаеванын айтымында, ал дүйнө өлкөлөрүнүн лидерлери менен жолугушууларда мына ушул маселени козгоодо. БУУнун Коопсуздук кеңешинде 2012-2013-жылга туруктуу эмес мүчөлөрдүн он орунун бири үчүн Кыргызстан Азия өлкөлөр тобунан Пакистан менен атаандашууда. (UE)
XS
SM
MD
LG