Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:19

ЕККУ Түркмөнстанды медиа чөйрөнү либералдаштырууга чакырды


Мындай чакырыкты ЕККУнун Басма сөз эркиндиги боюнча өкүлү Дуня Миятович Түркмөнстандагы сапарынын соңунда жасады. Ал визити учурунда түркмөн бийликтерин жок дегенде мамлекеттик эмес бир гезиттин басылышына уруксат бергени үчүн мактады. Ошондой эле расмий Ашхабадды Интернеттин жайылышын тездетүүгө үндөдү.

2007-жылга чейин Түркмөнстанда Интернетти бийликтен расмий уруксат алган уюмдар менен журналисттер гана пайдалана алчу. Чет элдик сайттардын көбү торолгондуктан, өлкөдө ачылбайт. Эл аралык электр байланышы уюмунун эсебинде, Түркмөнстанда Интернетти 100 адамдын 2,2си гана колдоно алат. Бул дүйнөдөгү эң төмөнкү көрсөткүч.

XS
SM
MD
LG