Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:20

Маркум Султановго генералдыкты ыйгаруу суралууда


Былтыр Ош окуясында киши колдуу мерт болгон Кара-Суу райондук ички иштер кызматынын башчысы Адыл Султановдун атын түбөлүккө калтырууга бийлик маани бербей жатат. Мындай мазмундагы катты маркумдун айылдаштары парламентке жолдогон. Депутат Акылбек Султановдун бүгүн Жогорку Кеңештин сессиясында билдиргенине караганда, катта маркумга генералдык чен ыйгарып, Фурхат же Нариман айылына ысымын ыйгаруу суралган.

Адыл Султанов былтыркы июнь коогалаңында Нариман айылында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Райондук милициянын башчысы бул айылга жаңжалдашкан тараптарды арачылоо үчүн баргандыгы маалымдалган.

Расмий маалымат боюнча улут аралык былтыркы жаңжалда 447 адам өлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG