Кыргызстандык дарыгерлер үчүн СПИД илдети жөнүндө кыргыз тилиндеги окуу китеби алгач жарык көрдү. Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашкандай, аны чыгарууга АКШнын эл аралык саламаттыкты сактоо биримдиги көмөктөштү. Китепти жазгандар - Медициналык академиянын окутуучулары. Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда ВИЧ инфекциясына чалдыккандардын саны үч миңден ашат. Адистердин айтымында, айыл жергесинде иштеген медицина кызматкерлери үчүн бул окуу китеп өтө маанилүү. (RK)