Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:46

АКШ палестин күнкорсуздугунда Израилди колдойт


Эгер Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Палестин автономиясын Израилден төбөлсүз мамлекет деп тааныса, АКШ ага каршы вето жарыялайт. Бул жөнүндө президент Барак Обама Палестин президенти Махмуд Аббаска Нью-Йоркто кездешкенде эскерткенин Ак үй маалымдады. АКШ президенти шаршемби күнү БУУнун Башкы Ассамблеясында сүйлөп, Израил-Палестина ортосундагы түз сүйлөшүү гана эгемен Палестин мамлекетин курууга жол ачат деген:

- Арийне, израилдиктер жана палестиндер аларды жаатташтырган: чек ара жана коопсуздук, качкындар жана Иерусалим маселеси тууралуу өздөрү бир пикирге келиш керек. Албетте тынчтык биз сүйлөп бүтүп, ага баа берилип бүткөндөн кийин узак жылдар чогуу жашачу адамдар арасындагы мунасага көз каранды.

Президент Обама кийинчерээк премьер-министр Бенямин Нетаняху менен кездешкенде да Израилди Кошмо Штаттар бекем колдорун билдирди. Палестиндер БУУ Израил курамындагы автономияны күнкорсуз мамлекет деп таануусун каалайт.

XS
SM
MD
LG