Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:38

Палестиндер президент Обамага нааразы


Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин Палестин автономиясын төбөлсүз мамлекет деп таануусуна АКШ каршы. Бул жөнүндө президент Барак Обама Нью-Йоркто Палестин лидери Махмуд Аббаска кездешкенде билдиргенин Ак үй маалымдаган. Обама 21-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөп: “Арийне, израилдиктер жана палестиндер аларды жаатташтырган: чек ара жана коопсуздук, качкындар жана Иерусалим маселеси тууралуу өздөрү бир пикирге келиш керек. Албетте тынчтык биз сүйлөп бүтүп, ага баа берилип бүткөндөн кийин узак жылдар чогуу жашачу адамдар арасындагы мунасага көз каранды”,-деп билдирген.

АКШ президентинин сөзүнө нааразы болгон миң чамалуу палестин Батыш Иордандын Раммала шаарында демонстрация өткөрдү. Палестин жумушчулар союзу эртеңки жума намаздан кийин АКШнын Арап өлкөлөрүндөгү элчиканалары алдында нааразылык акцияларын өткөрүүгө элди чакырмак болууда.

XS
SM
MD
LG