Президенттик шайлоого катышуу үчүн арызын берген Алмазбек Атамбаев бүгүн мамлекеттик тил сынагынан оң баа алды. Учурда ал кыргыз өкмөтүнүн башчысы. Мыйзам боюнча, шайлоого катышкан талапкер мамлекеттик кызматынан баш тартышы керек. "Азаттыктын" суроосуна жооп берип жатып, Атамбаев премьер-министрлик кызматын БШКдан расмий каттоодон өткөндөн кийин тапшырып берерин айтты.
Талапкер болуп расмий каттоодон өтүш үчүн 30 миңден кем эмес кол топтоп, 100 миң сомдук күрөө коюп, тил сынагынан өтүш керек. Атамбаев бул үч шартты тең аткарды.
Талапкерлерди каттап, тиешелүү күбөлүктөрдү тапшыруу эртең түнкү саат 12де аяктайт. 25инен тарта үгүт иштери башталат. Шайлоо 30-октябрда болот. (KKs/RK)